Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

КЫРГЫЗСТАН ТУРМУШУ ОРУС ГЕЗИТ БЕТТЕРИНДЕ


Төрөкул Дооров, Москва «Кыргызстан калкынын 35% жакыны ачкачылыкта», «Кыргыз жериндеги америкалык жана орусиялык аскерлердин турмушунан репортаж», «КМШ курамындагы көптөгөн мамлекеттер Орусияга муктаж». Орус басма сөзүнө КМШ жана Орто Азия турмушу тууралуу мына ушул жана башка макалалар жарыяланды.

Өткөн жумада Ялтада өткөн Бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюмунун саммити «Российские вести» гезитинде «СССРге карай алга!» аталышындагы макаланын жаралышына түрткү болду. Макаланын автору Магомед Омаров Бирдиктүү экономикалык мейкиндик «саясий жана экономикалык сөлөкөтүн өзгөрткөн мурдагы Советтик Союз» деп атап, бул жагдай региондо акыркы жылдары иштеп келген саясаттын туура багытта экендигинен кабар берээрин айтат.

«Бул уюмга кирген мамлекеттер, экономикалык да, саясий да мааниде, кубаттуу мамлекеттер. Алардын бир муштумга биригиши ийгиликтерди жаратат. Орусияга Өзбекстан, Грузия өңдүү бул жаатта алсыз мамлекеттердин пайдасы аз жана Кремль аларга жардам берүүдөн майнап чыкпай тургандыгын моюнга алышы керек» деп ишенет автор. «Тетирисинче, бул мамлекеттер өздөрү Орусияга муктаж» деп ойлойт ал.

Ал эми «Ведомости» ишкердик басылмасы бул жолу Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин аймагында демократиялык баалуулуктардын өнүгүш деңгээлине назар салат. Басылма демократиялардын өсүшүн жылына иликтеп турган Freedom House эларалык уюмунун быйылкы иликтөөсүнө кайрылып, «КМШ аймагындагы демократташуу жараяны токтоп калгандыгын» белгилейт.

Ал эми «Новые известия» гезити бул ирет жалпы КМШ аймагындагы элдердин турмуш деңгээлине көңүл бурууну туура тапты. Бириккен Улуттар Уюмунун мониторинги берген жыйынтыкка кайрылып, басылма КМШ жумурияттарындагы калктын 20%дан 40%га чейини ачкачылыкта экендигин кабарлайт.

«Ачарчылык Армения менен Тажикстанда кеңири жайылган. Бул мамлекеттерде калктын 40%дан ашууну жетишээрлик тамак жегенге мүмкүчүлүгү жок. Ал эми кыргызстандыктардын ичинде ушул тапта эки миллионго жакын адам ачкачылык эмне экендигин жакшы түшүнүшөт» деп айтылат макалада.

«Московский комсомолец» бул жолу «Манас» аэропортундагы америкалык жана Канттагы орусиялык аскерий жана авиабазалардын турмушунан репортажды тартуулайт. Журналист Ольга Божьева «Аталган эки базанын аскерлери кандай турмушту баштан кечирип жатышат?» деген суроого жооп тапканга аракет жасады.

Макалада «антитеррористик коалициянын аскерлери Кыргызстанга, кудум, эс алууга келгендей жашай тургандыктары, ал эми, байкуш орусиялык аскерлер америкалыктардай 10 миң доллардан ашуун айлык акы бери турсун, кайсыл ооруканага барууларын, балдарын кайсыл мектепке берээрин билишпей жүргөндүктөрү» жөнүндө кеп болот.

«Кантсе да, америкалык аскерлер жакшы жашашса, демек, алардын мамлекети кубаттуу жана алар эмне максат менен Орто Азияга келишкендигин жакшы түшүнүшөт. Эмне үчүн Кантка келип конушкандыгын орусиялык авиабазанын аскерлери эмес, аларды жиберишкен Москвадагылар деле жакшы түшүнүшө беришпейт» деген тыянакка келет автор. Журналисттин ишениминде, бул эки базанын аскерлери ортосунда мурдагыдай бири-бирине шектүү кароо артта калып, эми бири-бирин «кырсыктарда куткаруу» сезими пайда болгон экен.
XS
SM
MD
LG