Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

ЫСЫККӨЛ ГЕОФИЗИКАЛЫК ПОЛИГОНУНУН БАШЧЫСЫ КЕҢЕШБЕК ЖУМАБАЕВ МЕНЕН МАЕК


Шейшекан Жаналиева, Каракол Ысыккөл геофизикалык полигонунун башчысы Кеңешбек Жумабаевдин айтымында, Ысыккөлдүн аймагында жер, таш көчкүлөрүнүн, сел жүрүүнүн коркунучу бар. Бирок табийгый кырсыктарды алдын алуу чараларына жергиликтүү жетекчилер тарабынан жеткиликтүү маани берилбейт. Бул тууралуу элдин да кайдыгер көз карашы бар.

- Кеңешбек мырза, Ысыккөл геофизикалык полигону тууралуу көпчүлүк элдин маалыматы жокко эсе. Бул эмне болгон полигон, ал качан уюшулду эле? Ушул тапта эмне иш аткарасыздар?

- Ысыккөл облусу 9 баллдык сейсмикалык аймактардын катарына кирет. Демек, күчтүү жер титирөөлөр көп эле болуп турат. Мисалы, акыркы 30 жылдын ичинде эле 4 жолу катуу жер титирөөлөр болгон. 1970-жылы Аксуу районундагы Сары-Камыш айылында, 1978-жылы Түптө, 1990-жылы Ысыккөл районунда, 2000-жылы Тоң районундагы Аксай айылында жер титиреген. Кыргызстандагы, анын ичинде Ысыккөл облусундагы сейсмикалык абалды иликтөөгө алынган Орусиянын Томск шаарындагы политехникалык университетинин профессору Александр Акимович Воробьев тоо тектерин лабораториялык шартта талкулоо алдында, анын электро магниттик толкун чыгараарын байкаган. Мына ушул илимий ачылыштын негизинде Ысыккөл геофизикалык полигону уюшулган. Финансалык колдоого алынган университет тарабынан болуп турган жер титирөөлөрдү алдын ала, так аныктоо максатында атайын жабдуулар келип, ал жабдуу Ананьево, Кажисай айылдарында жана Каракол, Балыкчы шаарларында орнотулган. Бул жабдуулар күндүр-түндүр үзгүлтүксүз 17 жыл бою иштеп турган. Ошонун натыйжасында 151 жолу сейсмикалык жер титирөөлөр болот божомолдоолордун ичинен 122 туура чыккан. Бул иликтөөлөрдүн дээрлик 80 пайызы туура аныкталган. Тилекке каршы, ушул тапта биздин ишибиз анча алдыга жылбай турат. 1995-жылдан бери жабдууларыбыз жаңыртыла элек жана иштебей турат. Ошентсе да табигый кырсыктарды алдын ала айтуу чаралары андан сактануу жолдору боюнча атайын чакан китепчелерди чыгарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура маалыматтарды берип жатабыз.

- Сиздин сөзүңүзгө караганда, жер титирөөнү, же таш көчкүлөрдү, дегеле табигый кырсыктарды аталган геофизикалык полигон аркылуу алдын ала билүүгө болот экен да. Жалпы элдин коопсуздугу үчүн керектүү мындай тажрыйбаны дагы тереңдетүү үчүн дагы кандай көйгөйлөрдөн арылсак дейт?

- Биздин Ысыккөл геофизикалык полигон тууралуу билгиси да, уккусу да келбеген жергиликтүү жетекчилер бар. Аны түшүндүрүп жатып, кээде тил да тешилет. Жакында эле кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен материалдык жардам сурап кайрылганбыз. Атайын комиссия полигондун тарыхы, иш чаралары менен таанышып, бул полигонду жандандырыш керек деген чечим чыгарып кетишти. Мындан тышкары өзүбүз да акча табуунун жолун издеп кыргыз патентке кайрылганыбызда, алар бизге биринчилерден болуп акча каражатын бөлүп беришти. Мындан сырткары облусубуздагы МПО "Лидерге" кайрылсак, алардын грантын утуп алдык.

- Ысыккөлдүн аймагында өтө коркунучтуу делген сейсмикалык абал катталганбы? Бул боюнча жалпы элдин маалыматы барбы?

- Бул сурооңузга мен так жооп бере албайм. Себеби, жер титирөөнү алдын ала кабарлачу жабдууларыбыз азыркы мезгилде акча каражаты жоктугунан иштебей турат. Ал эми жер көчкүлөр жүрө турган аймактардын атайын карталары бар. Ошондой эле сел жүрүү коркунучтары катталган аймактар да бар. Бирок бул табигый кырсыктардан коргонуу боюнча жалпы элдин толук маалыматы жана түшүнүгү бар деп айтуудан алысмын. Азыр үйлөрдү сейсмикалык абалдын талаптарына ыңгайлаштырбай, туш келди салып жатышат элдер. Айрыкча ушул облустун шаарларындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери конструкцияларын такыр бузушту. Эгерде табгый кырсыкка кабылса, ушул үйлөрдүн тургундары катуу жабыр тартып калышы мүмкүн деген ойдомун. Бул жөнүндө ойлонгон эч ким жок.
XS
SM
MD
LG