Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:22

ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ КАЧКЫНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


27-майда Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Тажикстанга ырасмий сапары аяктады. Сапардын учурунда эки мамлекеттин ортосунда Тажикстанстандын атуулдарына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ал өлкөнүн жарандыгынан чыгып, Кыргызстандын жарандыгын алуу укугун берүү жөнүндөгү макулдашууга да кол коюлду. Ага ылайык Тажикистандан келген этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алууда жаңы артыкчылыктарга ээ болушту.

Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча, 600 миңден ашык этникалык кыргыздар тарыхый мекенинен тышкары, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында жашап келишет. Негизинен алардын көбү коңшулаш өлкөлөрдө турушат. Так айтканда, Өзбекстанда 370 миң, Кытайда 160 миң, Орусияда 42 миң, Тажикстанда- 56 миң, Ооганстан менен Түркмөнстанда 2 миңге жакын кыргыздар бар.

Бириккен улуттар уюмунун миссиясынын маалыматына ылайык, Тажикстандагы атуулдук согуштун кесепетинен Кыргызстанга келген качкындардын саны 16 миңге жеткен. Алардын 7 миңи 1998-жылдан тартып кайрадан Тажистанга кайтып кетишкен.

Кыргызстандагы тажиктердин коомунун президенти Абдухалим Раимжанов тажикстандык качкындарды ырасмий Бишкек кандай кабыл алганы тууралу мындай пикирин билдирди:

- Кыргыз республикасы Тажикстанда атуулдук согуш болгон убакта 40 миңден ашык качкындарды өз тууганындай кабыл алды. Муну бир дагы башка республика жасаган эмес. 2001-жылы качкын деген статус берилсин деген президенттин указы чыкты. Качкындар өздөрүнүн күбөлүктөрүн алышып, 1998-жылга чейин Кырыгызстанда жашашты. Согуш учурунда биздин республика аларга жардам бергендей эч кайсы бир өлкө жардам берген жок.

Миграция кызматынын департаментинин акыркы маалыматы боюнча, азыркы тапта Кыргызстанда алты миң сегиз жүз тажик качкындары жашайт. Алардын 90 пайызын этникалык кыргыздар түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жараны болуш үчүн толгон–токой бюрократиялык тоскоолдуктардан өтүп, толтура документтерди даярдоого жана чубалган кезекте турууга туура келет. Алгачкы чоң тоскоолдук - кыргыз өкмөтү качкындардан жана этникалык кыргыздардан алар буга чейин жашаган өлкөнүн жарандыгынан чыгып келүүсүн талап кылышат.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Гүлзат Айтимбетованын пикиринде, Тажикистандан келген этникалык кыргыздар Кыргызстанда биротоло калгысы келишет:

- Тажикстанда тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин, тажик качкындар кайрадан өз жерине кайтып кетишкен. Тажик качкындарынын 90% этникалык кыргыздар эле. «Этникалык кыргыздарды колдоо» жөнүндө буйрук кабыл алынгандан кийин алардын баары Кыргызстанда калгысы келишкен. Азыркы тапта баары эле кыргыз жарандыгын алалы деген ойдо болуп жатышат.

Акыйкатчы аппаратынын өкүлү Замир Андашбаевдин билдирүүсүнө караганда, он жыл мурун келишкен кыргыздар азыркыга дейре кыргыз паспортун ала албай жүрүшөт:

- Панфилов районунда бир айыл бар. Ушул айылдан 150-200гө жакын адам кайрылган, алар 10 жылдан бери кыргыз паспортун, жарандыгын ала албай жүрүшкөн экен. Мунун бир себеби - алардын Тажикстандын жарандыгынан чыга албай жатышканы. Жарандыктан чыгуу үчүн жок эле дегенде 50 доллар акча керек. Документтерди чогулткандан кийин да, комиссияда кароо маселеси 4-5 жылга созулуп кетет. Бирок биздин мамлекет тараптан, мыйзамдарда этникалык кыргыздардын укуктарын бузуп, аларды кемсинтүү жок.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин миграция кызматы департаментинин мекендештер жана көчүп келгендер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Туратбек Мырзабеков Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын өз укуктарын билүүгө аракет жасабаганын белгилейт:

- Көбүнчө Тажикстандан келген биздин туугандарыбыз укуктук жактан деңгээлдери абдан төмөн. Алар көп нерсени билишпейт. Кыргызстанда болуп жаткан көп өзгөрүүлөргө көңүл бурушпайт. Биздин туугандар таарынбас, эң биринчиден, ар бир адам өзүнүн тагдырын өзү чечиш керек. Оор болобу, жеңил болобу, өз жерине келгенден кийин мен кыргызмын деп, мамлекетте болгон мыйзамдарды, нормативдик документтерди өздөрү бир карап чыкса. Азыр мамлекеттик органдар Тажикистандан келген этникалык кыргыздарга кичине болсо да жардам беришүүдө.
XS
SM
MD
LG