Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

БИРДИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК МЕЙКИНДИКТИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢБИ?


Чолпон Орозобекова, Прага шаары Орусия, Белорусия, Казакстан жана Украинанын Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү идеясын сындагандар "эң ириде бул төрт мамлекет келечегин дүйнөлүк экономикадан бөлүп жатканын түшүнүшпөйт" дешүүдө. Мындай тынчсыздануулар айрыкча Украинада басымдуулук кылууда. Байкоочулар "Украинанын төртүлүккө кириши анын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү өңдүү чоң-чоң максаттарына тоскоол болушу ыктымал" деп чочулашат.

Төрт мамлекеттин экономикаларын жакындаштыруу идеясы аларды дүйнөлүк экономикадан ажыратат дешет айрым эксперттер. Бул кошуунду сындагандар ага кирген мамлекеттер келечекте глобалдык экономикадан алыс болуп калаарын айтышууда.

Ушул аптада Ялтада болгон жолугушууда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүдө төрт мамлекет ишти бир аз алдыга жылдыргандай болду. Анда 2007- жылга чейин мамлекеттер ортосунда кол коюла турган документтердин тизмеси бекитилди.

Эскерте кетели, бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү тууралуу келишимге төрт мамлекет былтыр 19- сентябрда Ялтада кол коюшкан. Ага кол коюу баарынан да Леонид Кучмага оор болгондой. Украинада эгер президент бул келишимге кол койгон күндө аны отставкага кетишин талап кылбаыз деген саясий күчтөр бир жактан чыкса, дагы бир саясий партиялар бул маселени референдумга салыш керек деп чыккан. А бирок бул өлкөнүн социалдык партиясы Украина КМШ мамлекеттери менен, эң башкысы, Орусия менен бирге болушу керек деп, бул идеяны колдоду. Ага тилектеш болгондор да аз эмес.

25-майда Ялтада өткөн жолугушууда Украинанын президенти Леонид Кучма маанай көтөрүңкү сүйлөдү:

- Масштабдуу пландарды реалдуу турмушка ашырып, конкреттүү жемиштерди алчу убак келди. Биздин турумубуз өзгөргөн жок, аны билесиңер. Толук масштабдуу эркин соода кылчу аймакты түзүү процесси аягына чыгышы керек.

Бирок дале Украинада мамлекет башчынын мындай оптимизми колдоого алынбай турат. Айрым байкоочулар Орусиянын үстөмдүгүнүн астындагы экономикалык биримдик Украинана көз карандысыздыгын чектейт, ошондой эле, келечекте НАТО, Европа биримдиги өңдүү мамлекеттерден алыстатат деп тынчсызданышууда. А негизи - Кучманын каршылаштарынын эң башкы күчтүү аргументи ушул - өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюумуна мүчөлүккө өтүү мүмкүнчүлүгү тарыды деп жатышат.

Ялтадагы жолугушуу учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин балким, Укаринадагы ушундай маанайды эске алдыбы, айтор, "бул уюмга эч кимди зордогон жокпуз, төрт мамлекетке тең пайдалуу уюм болооруна ишенүү менен ушул жолду тандап алдык" деп айтты.

Баса, Владимир Путин бир нерсени баса белгиледи. “Биз чогуу Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүп атабыз, бир да мамлекет башка уюмга кирбеши керек” деп айтты.

Бирок төрт мамлекет тең көксөп келаткан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тилеги эмне болот?

Дүйнөлүк соода уюмдун басма сөз катчысы Кейс Роквеллердин пикиринде, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик өңдүү чакан келишимдин мүчөлөрү бири бирине чектөө койгону туура эмес:

- Бул келишимдин шарттарын аныктап, тактап, өз ара чечип алуу ар бир мамлекеттин колундагы иш да. Бул көз караштан алып караганда регионалдык соода келишимине мүчө болуу жана Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү ортосунда проблемалар жок деп ойлойм.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Ялтадагы жыйында бул маселе боюнча өз пикирин билдирди. Владмимир Путиндин айтымында, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мамлекеттер үчүн тоскоолдуктар күтүлбөйт. Орусиянын мамлекет башчысынын айтымында, мунун 2 жолу бар. Же ар бир мамлекет өз алдынча иш алып барып, бирок Дүйнөлүк соода уюумуна кирүү менен пайда болгон өзгөрүүлөрдү ортого салып талкуулап турат. Экинчи бир оңойураак жол - төрт мамлекет биригип жалпы принциптерди бекитүү менен Дүйнөлүк соода уюмуна бирдей мүчө боло алышат.

Айрым эксперттер мамлекет башчылардын Ялтада сүйлөгөнүнө баам салып отуруп, анчалык деле турмушка жакын эмес өтө оптимизмге сугарылган сөз катары кабыл алышууда. Экономикалык биримдикке сын көз менен караган байкоочулар "уюмдун алдыга койгон максаттары ишке ашышы күмөн" дешет. Москвадагы Ренессан Капитал Инвестмен деп аталган топтун эксперти Артем Архипов мындай дейт:

- КМШнын алкагында бизде буга чейин бир топ тажрыйба бар да. Бир нече мамлекеттер ушул өңдүү экономикалык биримдикке чогулуп алып, бирок турмушта анын шарттарын турмушка ашырууга аракет кылган эмес.

Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө белсенген төрт мамлекет азырынча астына бир топ максаттарды коюуда. BBСнин аналитиги Малколм Хазлет айткандай, төрт мамлекет келечекте бирдиктүү валюта кабыл алып, Дүйнөлүк соода уюмуна чогуу мүчө болуп, ошондой эле эркин соода аймагына айлануу менен жалпы бажы мейкиндигин түзгүлөрү келет.
XS
SM
MD
LG