Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Жума күнү Ирактын Башкаруу кеңеши болочок утурумдук өкмөттүн башчылыгына Ияд Аллавини тандаганы тууралуу маалымат тарады. Саддам Хусейндин "Баас" партиясынын бир кездеги мүчөсү, оппозицияга өткөндөн кийин көп жылдар бою Батышта баш калкалап жүрүүгө аргасыз болгон Аллавинин талапкерлигин азырынча Бириккен улуттар уюму жана АКШ ачык колдогон жок. Ошондон улам байкоочулар Ирактын премьер-министрин тандоо жараяны аягына чыга электигин айтып жатышат.

Айткандай эле, Ирактын болочок премьер-министри Ияд Аллави болот деп жыйынтык чыгаруу азырынча эртелик кылар. Бирок кантсе да, үч жумадан бери Улуттар уюмунун атайын чабарманы Лахдар Брахими менен кеңешип-кептешип, Ирактын утурумдук президенти, эки вице-президенти, премьер-министри жана министрлик кызматтарына татыктуу талапкерлерди издеп жаткан Башкаруу кеңеши жума күнү алгачкы чечимин жарыя кылды. Ага ылайык негизги кесиби нейрохирург, Саддамдын "Баас" партиясынын экс-мүчөсү, коопсуздук кызматынын мурдагы офицери, 59 жаштагы Ияд Аллави – Ирактын убактылуу өкмөтүн башкарууга, келээрки жылы өтө турган шайлоого чейин премьер-министрлик кызматты аркалоого татыктуу деп табылды.


Бул жаңылык бирок Бириккен улуттар уюму менен АКШ үчүн күтүүсүз кабар болгонсуду. Вашингтондун ырасмий өкүлдөрү Аллавинин талапкерлигин эми Улуттар уюмунун чабарманы Лахдар Брахими бекитиши керек деп басым жасап жатышат.

- Биз Ияд Аллави мырза жөнүндө соңку кабарды уктук, ал – ирактыктардын кеңири катмары колдогон өтө мыкты, жөндөмдүү жетекчи экенинде шек жок. Бирок биз бул саясий жараянды аягына дейре урматтагыбыз келет. Ошондуктан Бириккен улуттар уюмунун атайын өкүлү Брахими мырза эмне дейт деп күтө турмакчыбыз, - деп белгиледи АКШ президентинин басма сөз катчысы Скотт МакКлеллан.


Улуттар уюмунун маалымат катчысы Фред Экхард:

- Окуя - биз күткөндөн бир аз башкача болуп чыкты. Анткен менен, Брахими мырза Ирактын Башкаруу кеңешинин бул чечимин сыйлайт жана Аллави мырза менен утурумдук өкмөттүн башка мүчөлөрүн тандоо багытында иштешүүгө даяр, - деп кошумчалай кетти.

Ирактагы белгилүү, бардар үй-бүлөдөн чыккан Аллави 1971-жылы Британияга медициналык билим алмакчы болуп жөнөп кеткен боюнча, Саддамдын режимине оппозицияга өткөнүн жарыялап, мекенине келген эмес. Лондондо ал Ирактык бозгундарды чогултуп, саясий кыймыл уюштурууга аракет кылгандыктан, 1978-жылы Саддамдын агенттери анын өмүрүнө кол салып, аз гана жерден аман калган.

Батыштык маалымат агенттиктери кабарлагандай, Аллави 1990-жылы Ирактан качкан аскер кызматкерлеринен түзгөн Улуттук тилектештик уюмуна АКШ менен Британиянын чалгындоо кызматтары жардам көрсөтүп турган.


Чет өлкөлөрдө жашап жүрүп, Саддам Хусейнди бийликтен кулатууга салым кошкон ирактык саясатчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – Ияд Аллави – былтыр Багдадды америкалык аскерлер ээлегенден кийин мекенине кайтып барган. Ирактагы шийи-мусулмандардын атынан Башкаруу кеңешине мүчө болуп шайланган. Аллави, байкоочулардын айтымында, айрым маселелерде Америкалык администрациянын чечимдерине каршы чыккан. Айтсак, ал Саддамдын бийлиги кулатылгандан кийин Ирактын улуттук армиясын таратууга катуу каршы болгондордун бири.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG