Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

МИҢЧЫНАР АЙЫЛЫНДА БЕШ БОМБА ТАБЫЛДЫ


Султан Раев, Бишкек Темир калдыктарын чогултуу пайдалуу бизнеске айланды. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Миңчынар айылынын темир издеген тургундары бомба таап алышты. Тилекке жараша, андан эч ким жабыркаган жок.

Кара жандын айынан көрүнгөн жерден темир калдыктарын издеп, эптеп андан анча-мынча акча жасоону максат кылган адамдардын саны азыр Кыргызстанда 2000ге жетти.

Өлкөдө азырынча кара металлдарды жана түстүү металлдарды чогултууга тыюу салынса да, ага карабастан, айрым ишкер адамдар бул пайдалуу ишти жең ичинен жасап келатканын ички иштер министрлигинин маалыматтары далилдеп келет. Күн сайын жүздөгөн тонналап Кытайга чыгып турган темир калдыктары азырынча мурдагыдай көлөмдө эмес. Бирок өкмөттүн акыркы кездеги бул тыюу салуусу айрым кара жерди тырмап күн көргөн адамдардын ишин татаалдатты.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Миңчынар айылынын тургундары тээ согуш мезгилинен бери жарылбай калган 95 килограммдык, советтик үлгүдөгү ФАБ-90 аттуу бомбаны жакында таап, металл кабыл алуучу түйүнгө аны темир калдыгы катары тапшырган. Эч нерседен кабары жок айыл тургундары металлды тапшыраары менен чуулгандуу окуя башталды. Көрсө Миңчынар айылына чукул жерде согуш жылдары бомбаларды сыноочу атайын база болгон экен.

Ал жерден жергиликтүү тургундар бир эмес, дагы эки 70 килограмм салмактагы жарылбай калган бомбаны жер алдынан таап, тапшыруу үчүн үйүнө катып, камдап койгон экен. Ал тууралуу Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Нуралы Бердиев төмөнкүлөрдү баяндады:

- Мурун - СССР мезгилинде - аскер полигону болгон. Ошол жерде табылган бомбалардын кээ бирлери жарылбай, жердин астында калган. Аны кара металл катары мектеп окуучулары казып алышкан. Металлга тапшырабыз деп үйүнө алып барып койгон жерден биздин жумушчулар табышкан, рейд жүргүзүп аткан мезгилде. Сапёрлор келип, текшеришип, коопсуз жерге алып барып жок кылышкан.

Кадамжай районундагы бомба сыноочу мындай жайдын бар экендиги бүгүн гана ачыкка чыгып олтурат. Өлкөнүн коргоо министрлигинин адистери бул аймакты дагы терең изилдеп көрүүнү, бомба калдыктарын таптакыр жок кылууну милдет кылып алышты дейт жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Ал жагдайда Баткен облустук улутук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Максатбек Кабаев мындай оюн билдирди:

- Бир атуулдун үйүндө бомбага окшогон бир нерсе жатат дешти. Чегарачылар барып көрсө, чын эле бомба экен. Милициянын балдары барып караса, бешөөнүн экөө тышынан зыянсыздандырылган экен. Экөөнү талаадан тапкан, үчөө металл алган кишинин короосунда экен. Тышынан зыянсыздандырылгандарын жардырган. Калганын Оштон аскер тобу келип жок кылышкан.

Согуш эбак бүтсө да, анын каргашалуу күндөрүн эске салган фактылар азыр да жок эмес. Тагдырдын буйругу экен, жарылса үйлөрдүн күлүн көккө сапыра турган бул беш бомба жарылбай калды. Кыргызстанда бомба сыноочу базалар көп болгон деп айтылат.

Демек, жарылуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүү кайсы бир трагедияны болтурбай коюуга шарт түзмөк деп баалашат байкоочулар. Антпесе, кырсык кабак- каштын ортосунда экендигин турмуш өзү ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG