Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Аксыда «тегерек үстөл» жыйыны болду


ЖАЛАЛАБАД. 29-майда облустагы жаштардын укугун коргоо жана АКШдагы укук жана адамдар аттуу уюмдары Кербен кыштагында "тегерек үстөл" жыйынын өткөрүштү. Ал коррупция маселесине арналды. "Тегерек үстөлдөгү" пикирлерге караганда, жемкорлук борбордон келген жетекчилерди сыйлоодон тартып, ички иштер, сот, билим берүү, жогорку окуу жай, банк тармактарында жайылган. Райондун аймагы аркылуу өткөн кыргыз-өзбек чек арасында ал ого бетер күчтүү. Бийликке ишенбей, арыздануудан майнап чыкпасына көзү жеткен атуулдар тиешелүү уюмдарга көргөн кордуктары тууралуу кайрылышпайт. Карапайым атуулдардын жемкорлук менен күрөшүүсү кыйын. "Жогорку бийликтегилер кадр жана тартип маселесиндеги мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюу менен коррупцияга каршы күрөштү өздөрүнөн баштоосу абзел", дешти талкуунун катышуучулары.

XS
SM
MD
LG