Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Евразия фонду маалымат каражаттарын колдоого 110 миң доллар грант бөлөт


БИШКЕК. Евразия фонду Фергана өрөөнүндө коңшулаш жайгашкан өлкөлөрдүн атуулдарынын өз ара маалымат алуусуна колдоо көрсөтүү максатында грант түрүндө 110 миң доллар каражат бөлдү. Мындай каражат Өзбекстандын «Мулокот», Кыргызстандын "Пирамида" "ОшТВ" жана Тажикстандын «ТажикстанТВ» телекомпанияларына берилет. Бул тууралуу Евразия фондунун Кыргызстандагы өлкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Евразия фонду КМШга кирген өлкөлөрдүн аймагында 1993-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган фонд АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана башка эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Евразия фонду соңку он эки жылдын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун өнүгүшүнө 20 миллион доллардык көмөк көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG