Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму Аксыда өтөт


БИШКЕК. 31-майда Жалалабад облусунун Аксы районунун Кербен айылында Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин көчмө жыйыны өткөрүлөт. Жыйында кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу маселе каралат. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымат берет. Ошондой эле отурумда Жалалабад облусундагы Өзбекстан менен тактала элек талаштуу чек ара аймактары тууралуу Аксы, Алабука, Чаткал райондук администрация башчыларынын маалыматтары угулат. Жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук уюм, саясий партиялардын өкүлдөрү катышышат.

XS
SM
MD
LG