Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Коалиция билдирүү жасады


БИШКЕК. Учурда Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жана өлкөнүн келечегине эң башкы коркунуч өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан түзүлүүдө. Мындай мазмундагы билдирүүнү ишемби күнү «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов жасады. Эдил Байсалов жогорудагыдай сөзүнө далил катары соңку айлары Кыргызстанда кимдир бирөөнүн тапшырамасы менен адам өлтүрүүлөрдүн күчөп бараткандыгын, Аксы окуясында бейкүнөө атуулдардын атып өлтүрүлүшүн, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жашыруун аңдууга алынышын жана «Социал демокаратиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин жасаган күнөөсү далилдене электе тартип коргоо кызматкерлери тарабынан сабалышын келтирген.

Ошондой эле, билдирүү ээси өлкөдөгү бейөкмөт уюм өкүлдөрүн жана укук коргоочуларды өлкөнүн тартип коргоо органдары толук реформалангыча алар менен кызматташууну токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG