Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Пакистан бүгүн кезектеги баллистикалык ракетасын сынады


Генерал Шавкат Султан ырастагандай, тажрыйба ийгиликтүү аяктады. Сынактан өткөрүлгөн ракета бир жарым миң чакырым аралыкка атомдук дүрмөт жеткире алат. Өлкөнүн премьер-министри Зафарулла Хан Жамали: “Бүгүн биз өтө сыймыктанып турабыз, бу ийгилик баарыбыздын башыбызды бириктирди,”Гуари” ракетасы – Пакистандын сыймыгы”, - деп билдирди. Жаңы ракета белгилүү илимпоз Абдул Кадыр Хандын конструкциясы боюнча жасалды.

Исламабад бүгүнкү сынак тууралуу коңшулаш өлкөлөрдү, анын ичинде Индияны алдын-ала эскерткен эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG