Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Сауд Арапстанда коопсуздук күчтөрү Ал-Хубарда атайын операция өткөрүштү


Бүгүн эрте менен бул жерде куралдуу жоон топ киши жергиликтүү мунай компаниясынын кеңсесине жана турак-жай корпусуна кол салып, он алты кишини өлтүрүшкөн эле. Набыт болгондордун көбү АКШнын, Британиянын, Египеттин, Филиппиндин жана башка өлкөлөрдүн жарандары дешет. Террорчулар бир нече кишини, анын ичинде аялдар менен жаш балдарды барымтага кармап алып, кийин алардан бешөөнү – Ливандын жарандарын бошотушкан эле. Кагылыш учурунда коопсуздук органдарынын эки кызматкери окко учту. Полиция террорчулар коргонуп жаткан турак жай корпусуна сыдырга салып киришти. Бүгүнкү окуя үчүн жоопкерчиликти “Ал-Каида” өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG