Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

31-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда 31-майда Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, ал эми күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24 градус.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26 градустун айланасында жылуу болот.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 градустун айланасында.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус.
Күндүн узактыгы 15 саат 04 мүнөт.

Жаңылыктарды даярдаган - Бакыт Аманбаев.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG