Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Кечээ кечинде Багдадда Ирактын жаңы мамлекет башчысын дайындоо маселеси талкууланды


Айрым кабарларга караганда 22 кишиден турган Башкаруу кеңешинин көпчүлүк мүчөсү кеңештин азыркы төрагасы инженер Гази Машал Ажил ал-Явердин талапкерлигин колдошот.

Бирок АКШ жана БУУ мурдагы тышкы иштер министри Аднан Пачачиге артыкчылык берет. Буга чейин Йад Алави Ирактын премьер-министрлик кызматына көрсөтүлгөн.

Анын аралыгында, жергиликтүү полиция эки белгисиз адам Багдаддын жанындагы жолдордун биринде өздөрү коюп жаткан бомба мөөнөтүнөн эрте жарылгандыктан, набыт болду деп маалымдады.

Ушул эле күнү Токио өкмөтү япон аскерлеринин гуманитардык миссиясы аяктаары менен, 140 аскер Ирактан чыгарылып кетет деп жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG