Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Нарында кылмышка шектүү адамдарды убактылуу кармоочу жайлардын абалы начар


НАРЫН. Мындай билдирүү Нарын облусундагы "Убактылуу кармоочу жайлардагы адам укугуна мониторинг" аттуу долбоордун докладын талкуулоого арналган «Тегерек үстөл» жыйынында айтылды. Бул долбоордун жумушчу тобу өткөн жылдын 1-декабрынан үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине чейин облустагы бардык убактылуу кармоочу жайларда болушуп, иликтөө жүргүзүшкөн. Натыйжада бир канча жайларда абанын нымдуулугу, жаш өспүрүмдөрдүн улуу муундар менен чогуу кармалгандыгы, абактагылар күнүгө ысык чай жана эки сындырым нан менен тамактанышаары, медициналык тейлөөнүн төмөндүгү айкындалган. Ушундан улам докладда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Акталаа, Кочкор, Жумгал райондорундагы убактылуу кармоочу жайлардын курулушун талапка ылайык келтирүү, альтернативалык мүмкүнчүлүктөрдү издөө, жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу, жарандык коом институту менен биргелешип иш жүргүзүү жана башка сунуштар белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG