Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Нарында мал шарп оорусу менен ылаңдай баштады


НАРЫН. Бул тууралуу облустук ветеринария башкармасынын жетекчиси Жалил Алымкулов 31-майда облустук деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын жыйынында маалымдады. Анын айтымында, өткөн жылдын 28-декабрында регион аймагында шарп ылаңы катталып, бул дарт облустун Кочкор, Нарын райондоруна жайылып кеткен. Алгачкы мезгилде шарп оорусунун А, О тибине каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок тилекке каршы, сайылган вакциндер натыйжалуу жардам бербегендиги изилдөөгө алынганда, илдет Азия-1 деген жаңы типте экендиги аныкталат. Ушундан улам шарпка кабылган малдарды дарылоо кыйындаган. Мындан сырткары базарлар өз учурунда жабылбай, ооруган малдар камалбай, жер жерлерде тартип болбогондугунан ылаңдын жайылышына шарт түзгөн. Ал эми Жумгал районунда малдарын эмдетүүгө каршы болушкан 8 адам сотко берилгендигин, бирок сот ишти карабай койгондугун райондук ветеринария башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Алшүкүров билдирди.

XS
SM
MD
LG