Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

ИРАК: ПРЕЗИДЕНТ БОЮНЧА МУНАСА ТАБЫЛА ЭЛЕК


Ирактын Башкаруу кеңеши өлкөнүн жаңы президенти дайындалуучу жыйынын шейшембиге калтырды. Мурдараак жыйын дүйшөмбүдө өтөөрү кабарланган эле. Ирактын утурумдук бийлигин куруу жараянына тартылгандар мамлекет башчысынын кызматына ким келээрин макулдаша албай жатышат. Президенттин кызматын ээлөөчү адамдын аныкталбашы өз кезегинде Ирактын утурумдук өкмөтүнүн курамын жарыялоону кечеңдетиши мүмкүн.

Ирактан түшкөн маалыматтарда айтылгандай, АКШ жетектеген коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер менен БУУнун бул жердеги өкүлү Лахдар Брахими президенттин кызматына өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Аднан Пачачини сунуш кылууда. Ал эми Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү аталган органдын азыркы төрагасы Гази Машал Аджил ал-Яверге артыкчылык беришет. Башкаруу кеңешинин күрд улутундагы мүчөсү Махмуд Отман дүйшөмбүдө буларды билдирди:

-Башкаруу кеңеш мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Гази Аджил ал-Яверди колдошот. Бирок БУУнун өкүлү Лахдар Брахими менен коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер Аднан Пачачини жакташууда жана көпчүлүктүн пикирин кабыл албай жатышат.

80ден ашып калган Аднан Пачачи Ирактын тышкы иштер министринин кызматында бийликке 1968-жылы Саддам Хусеиндин "Баас" партиясы келгенге чейин иштеген. Ушундан соң ал Бириккен Араб Эмираттарына сүргүнгө кеткен эле. Сүргүндө жашаган жылдары АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөрү, Улуттар Уюму менен байланышта турган. Пачачи коопсуздук кырдаалы стабилдешип, жергиликтүү полиция менен армия коопсуздукту камсыздоого жарамдуу болгонго чейин чет элдик аскерлердин Иракта калышын жактайт.

Ал эми президенттикке көргөзүлүп жаткан экинчи талапкер Гази Машал Аджил ал–Явер 40тын тегерегинде жана саясий тажрыйбасы азыраак саясатчы. Сүргүндө Сауд Аравияда жашаган, Кошмо Штаттарында билим алган. Ал АКШнын Ирактагы оккупациясын сынга алып жүрөт. Адатта арабдардын салтуу кийими менен жүргөн ал–Явер жакындагы телемаектеринин биринде Иракта коопсуздук менен тартиптин жоктугу үчүн жоопкерчиликти 100% АКШга жүктөгөн болчу. Пачачи да, ал-Явер да калктын азчылыгын түзгөн сунни жамаатынан.

Айтор, кызматына 30–июндан кийин киришүүчү президент номиналдуу гана бийликке ээ болот. Негизги бийлик өлкөнү келерки жылы өтүүчү шайлоого чейин башкара турган утурумдук өкмөттүн колуна топтолмокчу.

Утурумдук өкмөттөгү премьер- министрдин кызматына болсо өткөн аптанын соңунда, Ирактагы калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин өкүлү,59 жаштагы Ияд Аллави көргөзүлгөн эле. Кесиби боюнча нейрохирург, Саддам Хусеиндин "Баас" партиясынын бир кездеги мүчөсү, коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Аллави оппозицияга өткөндөн кийин көп жылдар бою Батышта башкалкалап жүрүп, мекенине былтыр апрелде эле кайткан. Ал Ирактын Улуттук Ынтымак партиясы деген саясий уюмдун лидери.

"Financial Times " гезитинин жазганына караганда, Ияд Аллавинин премьер-министрлик кызматка дайындалуусу Ирактын Башкаруу кеңешиндеги шийиттердин баары бир добуштан анын талапкерлигин колдогонуна байланыштуу болду. Анткен менен президенттикке талапкерлердин бири Аднан Пачачи америкалык ABC телеканалындагы маегинде Ирактык утурумдук өкмөт мүчөлөрүн Башкаруу кеңеши тандап жатат деген маалыматтарды четке какты. Анын ырастоосунда, өкмөт мыйзамга ылайык ирак коомунун баардык катмарлары менен болгон консультациялардын натыйжасында курулууда.

Батыш агенттиктери келтирген маалыматтар боюнча Ирактын утурумдук өкмөтүн башкаруучу Ияд Аллавинин АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен мурдатан жакшы байланышы бар. Ал эми "Wasington Post" гезитинин жазганына караганда, Аллавинин партиясы ЦРУдан колдоо алып турган.

Багдаддан түшкөн кабарларда айтылып жаткандай, Ирактын утурумдук өкмөтүндөгү жыйырма алты министрдин кызматын ээлөөчү адамдар негизинен аныкталып калды. Өкмөт курамынын жарыяланышын эми президенттин аныкталбашы кечеңдетиши мүмкүн.

"Washington Post" гезитинин жазганына караганда, БУУнун Ирактагы өкүлү Лахдар Брахими өкмөттү куруу багытында жүргүзгөн иштин жыйынтыгы, ал адеп башында каалагандан башкача болот сыяктуу. Брахими башында Ирактын утурмдук өкмөтүнө саясатчыларга караганда, көз карандысыз технократтар көбүрөөк киришин көздөгөн эле. Бирок эми аталган басылманын пикиринде, болчок өкмөттүн курамында саясатчылардын басымдуулук кылышы дипломаттар менен аналитиктердин тынчыздануусун жаратууда. Себеби саясатчыларга, анын инчинде Башкаруу кеңешинин азыркы мүчөлөрүнө коомчулуктун колдоосу аз. Саясий лидердин көпчүлүгү Саддам Хусеиндин режими кулаганга чейин сыртта жашашкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG