Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Ариэл Шарон анын планына макул болбогон министрлерди кызматтан алат


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон анын “Газа тилкесинен Израилдин аскерлерин чыгарып кетүү жана израилдиктердин бул жердеги турак-жайларын жок кылуу планына макул болбогон өкмөт мүчөлөрү кызматтан бошотулат” деп билдирүү жасады. Израилдин өкмөтү бул планды жекшемби күнү талкуулап, бирок чечим кабыл алган эмес.

Аталган планды Ариэл Шарондун "Ликуд" партиясы да колдобой койгон.

Ариэл Шарондун планын Израилдин парламенти бүгүн карамак болчу. Парламенттин төрагасы ал кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG