Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Багдадда дагы жардыруу болду


БАГДАД. Багдадда бүгүн америкалык аскерлердин бир машинеси жарылып, бир аскер каза тапты, бир нече адам жараат алды. Жарылуу себеби белгисиз.

Ирактын расмий адамдарынын билдиришинче, кечээ Багдаддын түштүгүндө жайгашкан Махмудия шаарында Ирак ислам партиясынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Кахтан Казем ал-Рубай өлтүрүлдү.
Куфа жана Нажаб шаарларында америкалык аскерлер менен шийи мусулмандарынын лидери Моктада ас-Садрдын жактоочулары ортосунда салгылашуу уланууда. Түндө Куфада америкалык 2 аскер өлтүрүлдү. Нажабда экөө жарадар болду.

Мындан 3 күн мурда америкалык командачылык, дин кызматкерлеринин ортомчулугу аркасында, ок атууну токтотуу тууралуу Моктада ас-Садр менен келишим түзгөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG