Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Ирактын президентинин кандидатурасы талаш болуп жатат


БАГДАД. Ирактын Жетекчилер кеңеши президентинин кандидатурсын карай турган жыйынынын эртеңкиге которду. Кеңештин өкүлү Махмуд Отмандын билдирүүсүнө караганда, тараптарда президенттин кандидатурасы тууралуу бир пикир болбой жатат:

- Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү Гази Машал Ажил ал-Яверди колдоп жатышат. Бирок Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы өкүлү Ахдар Брахими жана коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер Жетекчилер кеңешинин сунушуна макул болбой, президенттикке Аднана Пачачинин кандидатурасын көрсөтүп жатышат.

Гази Машал Ажил ал-Явер - Ирактын жетекчилер кеңешинин азыркы төрагасы. Аднана Пачачи болсо мурда Ирактын тышкы иштер министри болуп иштеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG