Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

2-июнга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 2-июнда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2–7 метрге жеткен жел жүрөт.

ТАЛАС облусунда абанын температурасы түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +14…+19 градус, күндүз +28…+32 градус ысык, ал эми тоо этектеринде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 градустун айланасында.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 градус.
БИШКЕК шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градустун айланасында.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG