Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Арап Эмираттары виза режимин катуулатты


БИШКЕК. Бириккен Арап Эмираттары мындан ары Чыгыш Европа жана мурдагы совет өлкөлөрүнүн атуулдары үчүн виза берүү режимин катуулатып, чек койгону жатат. Мындай маалыматты бүгүн АКИ-пресс агенттиги Gala.Net деген интернет баракчанын маалыматына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, Бириккен Арап Эмираттарынын Ички иштер министрлиги виза берүү режимин катуулатуу менен сойкулукка каршы күрөшүүнү максат кылууда. Бул өлкөнүн Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, Чыгыш Европа жана мурдагы совет республикаларындагы аялдарга виза берүү мындан ары татаал болот жана буга алардын турист катары барып, жосунсуз жоруктарды жасагандыгы негиз берген. Ал эми Кыргызстандын Башкы консулдугу Бириккен Арап Эмираттарынан азырынча бул тууралуу расмий маалымат түшө электигин билдирди. Бул мекеменин жетекчиси Руслан Казакбаев Арап Эмираттарында жүргөн 100 атуулдун 92си өлкөгө кайтарылгандыгын, 30 атуул азыр тергөөдө жүргөндүгүн апрель айында билдирген.

XS
SM
MD
LG