Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Өкмөт 2005-жылы жакырчылыктын деңгээлин кыскартууну пландап жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын Каржы министрлиги 2005-жылда өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын долбоорун даярдап бүттү. Пландагы көрсөткүчтөрдүң баары Эл аралык валюта кору менен макулдашылды. Каржы министрлигинин пландоосуна караганда, 2005-жылы өлкөнүн өнөр жайы Кумтөр алтын кенин кошпогондо 11 пайызга жогорулайт. Ал эми жакырчылыктын өлчөмү 2004-жылга салыштырганда 2,6 пайызга кыскарат. Инфляциянын өлчөмү 4 пайызды түзүп, бир АКШ долларынын сомго карата наркы 44 сомдун деңгээлинде кармалат. Мындай кабар Каржы министрлигинин маалымат кызматынан алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG