Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

ПАКИСТАНДАГЫ КАНДУУ ОКУЯЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Пакистандын Карачи калаасындагы шийи мечитинде 31-май күнү ири жардыруу уюштурулгандан кийин шаар көчөлөрүндө элдик толкундоолор болуп, андагы кагылышуулардан дагы бир нече адам өлдү.

Пакистандын 150 миллион калкынын 80 пайызын сунни мусулмандары, 17 пайызын шийилер түзөт. Алар ортосунда такай кагылышуулар болуп турат жана акыркы сегиз жыл ичинде, "Вашингтон пост" гезитинин маалыматы боюнча, үч миңге жакын адам ажал тапты. Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Карачи шаарындагы шийи мечитинде жарылуу болуп, андан 23 адам набыт кетип, дагы 35 киши жараат алган. 26-май күнү шаардагы Америкалык консулдуктун алдында эки машине жарылгандан бир полициячы өлүп, дагы 25 киши жарадар болгон.

30-май күнү болсо Карачиде суннилердин белгилүү муфтийи Низамуддин Шамзай атып өлтүрүлдү жана ага наарызылык билдирип, шаар көчөлөрүнө ошол эле күнү миңдеген адам чыгып, дүкөн-кинотеатрларды талкалаган. Полиция ал толкундоолорду араң тыйган, бирок дүйшөмбү күнү шийилердин Барга Али Раза мечитинде жарылуу болуп, 16 адам набыт кетти жана кыркка жакын киши жараат алды. Ал жарылуудан кийин дагы шаар көчөлөрүндө элдик толкундоо башталып, кагылышууларда дагы үч адам өлдү.

Жарылуу үчүн эч ким жоопкерчиликти алган жок, бирок бардык байкоочулардын айтымында, бул террор аракети - анын алдында имам Шамзайдын өлтүрүлгөнүнө жооп катары жасалган. Пакистандын маалымат министри шейх Рашид Ахмад аны өкмөттүн атынан сынга алды:

- Анын артында ким турса дагы, бул абдан кейиштүү окуя, биз аны айыптайбыз. Ал адамкерчиликке дагы, исламга да жатпайт жана өкмөттүк саясатка каршы келет. Бир дагы дин сыйынуу жайларын бузууга уруксат бербейт.

Имам Низамуддин Шамзай Пакистанда белгилүү адам болчу жана Карачиде анын өзүнүн медресеси болгон. Бирок андан таалим алган көп адам Талибан кыймылына кошулуп кетип, кийин талиб өкмөтүндө министр да болгон жана имам өзү дагы ал кыймылга жакын болчу. "Ал-Каида" террордук уюмунун башчысы Усама бин Ладен 1998-жылы уулун үйлөнтүп, Ооганстанда той өткөргөндө, ал тойго Пакистандан чакырылган аз сандагы коноктордун арасында Шамзай да болгон.

2001-жылы Америка Кошмо Штаттары Талибанга каршы согуш баштаар алдында, кыймылдын жетекчиси молдо Омар менен сүйлөшүү өткөрүп, Усама бин Ладенди кармап берүүнү талап кылган. Андай сүйлөшүүлөрдүн бирин имам Шамзай өткөргөн жана Пакистандан атайын Ооганстанга барып, молдо Омар менен жолуккан. Бирок сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаган, кээ бир маалыматтар боюнча болсо, жыйындын расми бөлүгү бүткөндөн кийин, Шамзай молдо Омар менен өз алдынча жолугуп, ага колдоо көрсөткөн жана АКШга каршы согушта ал талибдер тарабында экенин билдирген.

Кээ бир байкоочулардын пикиринде, Пакистандагы акыркы кандуу окуялар - өлкө президенти Первез Мушаррафтын саясаты акыркы мезгилде өтө эле америкалык болуп кеткенине көрсөтүлгөн каршылыктын бир түрү. Аны менен катар шийилер менен суннилер өз ара касташуусунда ар башка ыкма колдонгонуна да өзгөчө көңүл бурулууда. Шийилердин аракеттери кайсы бир жетекчилерге каршы болсо, суннилер ачык эле террор аракеттерин ишке ашырып, күнөөсүз карапайым адамдардын ажалына калууда. Али Раза мечитинде уюштурулган жардыруудан өлгөндөрдүн арасында 10 жашар кыз да бар.

Сүрөттө: Пакистандын президенти Первез Мушарраф.

XS
SM
MD
LG