Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Колин Пауэлл Россияга Грузиядагы аскердик базаларын алып кетүүнү айтты


АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл Россияны Грузиядагы аскерий базаларын жана аскерлерин алып кетүүгө үндөдү.

Мындай билдирүүнү Пауэлл Вашингтондо Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили менен жолугушуусунан кийин жасады.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Ажария, Түштүк Осетия жана Абхазиядагы кырдаал талкууланды.
Пауэллдин айтымында, Вашингтон Россиянын аскерий базаларына байланышкан маселе боюнча расмий Тбилиси жана Москва менен консултацияларды өткөрүп турат.

Базаларды кармап туруу үчүн аскерий себеп жок деп белгиледи мамкатчы. Россия Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетүүгө убада кылып, бирок бул жараян жылдарга созулаарын айткан.

XS
SM
MD
LG