Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Ирактын өткөөл президенти болуп Гази ал-Йавер аталды


Бул кабарга карата дүйнөлүк реакция позитивдүү катары бааланууда. Арап Лигасы жана БУУ биринчилерден болуп, жаңы өкмөт жөнүндөгү жаңылыкты кубаттоо менен кабыл алышты. Арийне, Улуттар Уюмунун баш катчысы Коффи Аннан бул жараян кемчиликсиз болгон жок деди.

АКШ президенти Жорж Буш болсо Ирактын жаңы өкмөтүн алдыда дагы көп иштер күтүп жатат деп белгиледи:

- Убактылуу өкмөт баарыдан алдын эмки жылдын январь айынан калбай улуттук шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүгө жана коопсуздукту камсыздоодо биздин коалиция менен кызматташууга тийиш. Добуш берүү аркылуу өткөөл Улуттук Ассамблея тандалат. Бул жыйын Ирактын тарыхындагы алгачкы эркин шайланган, чындап элдин өкүлдөрүнөн турган улуттук башкаруу органы болуп калмакчы.

Өлкөдө болсо кан төгүүлөр уланууда. Анбар провинциясында америкалык бир жоокер окко учту. Багдадда бомбанын жарылуусунан жергиликтүү 3 киши набыт болду. Бир нечеси жаракат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG