Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

АКШдан КЕЛГЕН НУР О НИИЛ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ТҮШ ЖОРУЙТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Айрым улутташтарыбыз эне тилибизди чанган кезде чет өлкөлүктөр кыргыз тилин кызыгуу менен үйрөнүүдө. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин долбоору аркылуу Гарвард университетинен Жалалабадга келген философия илимдеринин доктору Нуур О Ниил кыргыз тилин Тынчтык корпусунун ыктыярдуусу болуп, облуста жүргөндө үйрөнгөн.

Саламат Садыкова аткаруучу «Алатоо» аттуу ырды АКШнын Гарвард университетинин окумуштуусу Нуур О Ниил мыкты ырдайт. 26 жаштагы Нуур кыргызча сүйлөгөндү 5 жыл мурун Тынчтык корпусунун ыктыярдуусу болуп келгенде үйрөнгөн. Бул жолу Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин долбоору менен Кыргызстандагы өткөөл мезгилге сереп салганы Кыргызстанга кайра келген Нуурдун айтымында, өлкөдө өзгөрүүлөр бар:

- Кыргызстандагы адамдардын аң-сезими тереңдеп, демократияга көбүрөөк кызыгып жатышат. Кыргыздар – аябай адамгерчиликтүү, үй-бүлөнү баалашат. Жаратылышты, салттарын сактап, улууларды сыйлашат. Ата-энелер балдары үчүн кам көрүшөт.

Токтогулдун «Алымкан» деген ырын созолонткон Нуур О Ниил эне тилин сыйлабаган кыргыздарды намыска чакырды:

- Өз тилиңиздерди унутпаныздар. Кыргыз тили көпкө жашасын, жоголбосун!

Америкалык кыз «Мен сени сагынгым келет!» жана «Өрүкзарга кетели" аттуу ырларды да мыкты аткарат.
XS
SM
MD
LG