Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

ГЕЗИТТЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН БУЗУП ЖАТАБЫ?


Кыргыз тилдүү журналисттердин арасында акыркы кезде мындай бир талаштуу көз караш жашап жүрөт. Бир тарабы, басма сөзгө мамлекеттик кысым, же цензура алынып салынган соң гезит тили оңолгонун, окуганга ийкемдүү, жеңил, түшүнүктүү болуп калганын айтышса, экинчи тарабы, дал ошол эгемендикке ээ болгондон тартып эптеп каймактап келаткан жазма тилибиздин чакчалекейин гезиттер чыгарды дешет. Чын эле ушундайбы? Анда "Бишкек таймс" гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдун пикирин угуп көрөлү:

- Бизде кандай болду? Бизде эски штамптарды жок кылабыз деп, бүт гезиттерди, мисалы ошонун ичинде биз да барбыз, тилин, жазуу эрежелерин, сүйлөм түзүлүшүнө чейин бузуп жибердик, чаң тополоң кылдык. Эң жаман жери жаш журналисттер жазуу деген ушундай экен ошого түшүп атканы жаман болууда. Ошол салтка айлана баштады, - дейт "Бишкек таймс" гезитинин башкы редактору Нуралы Капаров.

Ал эми "Кыргыз туусу" гезит кызматкери Самсак Станалиев гезиттердеги жазуу эрежелеринин башаламан колдонулуп атканын мамлекеттик тил комиссиясынын укугу жана адис орфографтардын жоктугунан көрөт:

- Башаламандыкты өзүбүз гезитте иштегендер жасап атабыз. Салык инспекциясы кайсы бир законду бузса, штраф салып өндүрүп алат. Эмне үчүн кыргыз тилинин орфография эрежеси бузулган жерде тил комиссиясы ошол жерге барып туура эмес, же туура деп айтканга укугу жок. Мамлекеттик тил комиссиясы президенттин алдында иштеп турганда да алсыз болчу, азыр да алсыз. Антке себеби алардын укугу жок. Азыркы кабал алып аткан эреженин 4-5 автору бар, автору законго көрсөтүлбөйт. Ошолордун ичинде бир даорфограф жок. Бул жерде тилчилердин өздөрүнүн, жазуучулардын, саясатчылардын арасында группа деген бар. Биз жасайбыз, биздин проект өтүш керекдей беришет. Жалпы элдин арасында, интеллигенция арасында талкуу болгон эмес, шашылыш түрдө кабыл алынган. А негизги орфографтар сыртта кала берген. Үсөналиев деген чоң орфограф бар, орфографиянын тарыхын изилдеген. Ошол кишинин пикирлеринин бардыгы өткөн, эске алынган, бирок автор катары кирген эмес. Эмне үчүн? Анткени Үсөналиев катардагы эле тилчи. Башкалардын мансабы бар .

- Нуралы мырза, тил жок болуп кетет дегендерге эмне дейт элеңиз?

- Жардыланышы мүмкүн тил. Кичинекей элдин, кичинекей тили жашашы кыйын болот.

- Кыргыз тилинин сүйлөө маданияты бизде жыл өткөн сайын кедерине кетип баратат деген көз караштарга сиздин оюңуз, Самсак мырза. Буга ким күнөөлү деп ойлойсуз?

- Биринчиден, кыргыз тил мугалимдеринин деңгээли начар. Экинчиден, кыргыз интеллигенциясынын абдан күнөөсү бар. Бир мисал, биз кыргыздар ким чоң болсо, ошолор кандай сүйлөсө ошону кабыл алабыз. Мисалы, Аскар Акаев мындай бир лексиканы пайда кылды, "мен ойлойм" деген. Ошондон кийин кыргыздын 80 пайызы "мен ойлойм" деп сүйлөп калды. Жазганда да ошондой. Адабий тилдин тазарышы үчүн кыргыз интеллигенциясы биз күрөшүшүбүз керек.

Ал эми окурмандарга жаңыдан таралып бараткан "Жетимен" маданий журналынын башкы редактору Аскер Сакыбаева кыргыз тилин гезит, журналдар бузуп атат деген ой-пикирге макул эмес:

- Мен мындай пикирге макул эмесмин. Тескерисинче, эгемендик келген 10 жылдан ашык убактан бери гезит, журналдардын тили оңолуп, тил эркиндикке чыкты деп айтаар элем. Совет учурунда цензура деген бар болчу. Ар бир сөз, жазылган макала, ой пикир - бардыгы көзөмөлдүктө турчу. Бул жерде шаблон болуп калган, белгилүү сандагы сөздөр колдонулчу. Ой эркиндиги, тил, сөздүн эркиндигине жол берилчү эмес. Ал эми азыр журналист алган өзүнүн билимине, дүйнө таанымына, ой жүгүртүүсүнө жараша жаза баштады. Тил байып, жандуу болуп баратат. Тил эркиндикке чыкты. Тил акыркы кезде байыды, тилди колдонуу дагы кооз, кызыктуу болуп баратат.

Аскер айымдын көз карашын "Агым" гезит кызматкери, Кимбайке деген улама аты менен белгилүү болгон Төлөгөн Карыкеев да колдойт:

- Гезит тили кыргыз тилин бузуп атат дегенге мен каршымын. Гезит тили тескерисинче, кыргыз тилине өзүнүн салымын кошуп, аны байытканга жардам берип атат.

Ал эми катардагы окурман Вера Аламанова жогорудагыдай пикирлерге макул эмес:

- Кыргыз тилинин колдонулушу эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткендей сезилет. Эмне себеп дегенде, газета чыгаруу модага айлынып кеткенсип, жамгырдан кийинки козукарындай эле жамырап чыкты. Билими бары, жогу деле газета чыгарып, ошону менен бизнес кылып аткандай. Бул жерде тилге маани берилбей эле, акча табыштын айласы болуп калгандай, - дейт катардагы окурман Вера Аламанова.

XS
SM
MD
LG