Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Ысыккөлдө ЮНЕСКОнун эл аралык форуму болот


БИШКЕК. Ушул айдын 10нан 12сине чейин Ысыккөлдө ЮНЕСКОнун «ХХI кылымдагы Евразия: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын кагылышыбы?» деген эл аралык форуму өтөт. Анда глобализация доорундагы маданияттардын диалогу, адамзат баалуулуктарынын салмагы, тарыхый мурастар, инсанды калыптандыруу жана азыркы учурдагы билим берүү тармагынын көйгөйлөрү талкууга алынат. Андан тышкары Борбор Азия мамлекеттерин туруктуу өнүктүрүү, жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануунун укуктук, экономикалык жана экологиялык жактары каралат. Бул маселелер «Чыгыштын жана Батыштын маданияттарынын интеграциялык процесстери», "Маданий мурастар жана муундардын диалогу", «Экология, адам укугу жана гуманитардык коопсуздук» деген жана башка темаларда өтүүчү «тегерек столдордо» талкууланат.

Форумга Иран, Түркия, Кытай, Индия, Пакистан, Ооганстан жана КМШ мамлекеттеринен делегациялар келет. Форумга Бириккен улуттар уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

XS
SM
MD
LG