БИШКЕК. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы алмашты. 1-июндан тарта бул кызматка Пакистандын атуулу Ашраф Малик киришти. Ал буга чейин Азия өнүгүү банкынын Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча департаментинин айлана-чөйрө жана айыл чарба долбоорлору башкармасынын бир бөлүмүн башкарчу. Ал эми банктын өкүлчүлүгүн буга чейин төрт жыл башкарган Жовахар Чериан Александер АБРдин Манила шаарындагы башкы кеңсесине иштөөгө кетти.