Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

ШКУнун саммити өтөт


БИШКЕК. 17-июнда Ташкен шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин президенттери чогулуп, жыйын курушат. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаевдин да катышуусу күтүлүүдө. Бул маалыматты Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюму боюнча улуттук координатору Кадырбек Сарбаев билдирди. Анын айтымында, жыйында уюмду өнүктүрүү маселеси талкууланып, "Ташкен декларациясы" аттуу жыйынтыктоочу документ кабыл алынат.

Жыйынга чейин - 13-15-июнда Өзбекстандын борборунда ШКУга кирген мамлекеттердин улуттук координаторлорунун жыйыны өтүп, анда президенттердин кеңешмесинде талкуулануучу маселелер такталат.

XS
SM
MD
LG