БИШКЕК. Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 41,4 процентке жогору болду. Мындай маалымат инвестиция боюнча консультативдик кеңештин 1-июнда өткөн жыйынында айтылды.
Жыйынга катышкан президент Аскар Акаевдин пикири боюнча, мындай жетишкендик - инвестициянын келишине тоскоолдук кылган бюрократтык бөгөттөрдү жоюунун натыйжасы. Андан тышкары, президент, лицензия берүү жана ишкерликке уруксат берүү, кабаттап текшерүүлөр коррупцияны күчөткөн негизги булак болгондуктан, алдыдагы инвестициялык матрицада ага каршы күрөшүү багыттарын камтуунун зарылдыгын белгиледи.