Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

АКШ менен Борбор Азия мамлекеттери макулдашууга жетишти


БИШКЕК. 1-июнда Вашингтондо АКШ администрациясы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда «Соода жана инвестиция боюнча макулдашууга» кол коюлду. Кыргызстан тараптан ал документке АКШдагы элчи Бактыбек Абдирисаев кол койду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин батыш башкармалыгынын жетекчиси Болот Отунбаев бүгүн билдирди.

Маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, макулдашуунун максаты - соода-инвестициялык саясатты иштеп чыгуу, регионалдык сооданы өнүктүрүү болмокчу. Андан сырткары АКШ бул документтин алкагында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө көмөк көрсөтмөкчү.

Аталган уюмга Кыргызстан 1998-жылы эле мүчөлүккө кирген.

XS
SM
MD
LG