Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Тажикстандык качкындардын башкы маселеси


БИШКЕК. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда Тажикстандан келген 14 миң 615 качкын жашайт. Алардын көпчүлүгү кыргыздар. 2 миңи гана Кыргызстандын паспортун алышкан. Бул тууралуу миграция департаментинен маалымдашты. Тажикстандан келгендердин негизги проблемасы Кыргызстандын граждандыгын алуу болуп эсептелет. Президент Аскар Акаев жакында Дүйшөмбүгө барган учурда эки мамлекет ортосунда качкындарга жеңилдетилген шартта Тажикстандын граждандыгынан чыгып, Кыргызстандын паспортун алуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Андан сырткары эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда качкындардын укуктарын коргоо жана миграция жараянын жөнгө салууну караган макулдашуунун долбоору иштелип чыгууда. Анда кыргыз тарап Тажикстандан көчүп келүүнү каалагандардын үй-мүлкүнө болгон укугун сактоону сунуштоодо.

XS
SM
MD
LG