Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ЕВРОПАГА САПАРГА ЧЫГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 3-июнда АКШ президенти Жорж Буш төрт күндүк сапар менен Европага аттанууда. Рим шаарында ал Папа Иоанн Павел Экинчи жана премьер-министр Силвио Берлускони менен жолугат, андан соң Парижде Франция президенти Жак Ширак менен кездешкенден кийин, 6-июнда Нормандияда - америкалык аскерлердин Экинчи дүйнөлүк согушка катыша баштаганынын 60 жылдык мааракесине келет.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы экинчи фронтту Батыш өлкөлөрү 1944-жылдын июнунда ачып, Франциянын түндүгүндөгү Нормандия аймагына 6-июнда алгачкы америкалык аскерлер келип конгон. Ошондон бери бул күнү Нормандияда такай майрам өткөрүлүп, Европанын нацисттик оккупациядан бошотула баштаганы белгиленет. Мурдагы мааракелерге Алманиянын жетекчилери чакырылчу эмес жана 6-июнда бул майрам негизинен америкалык, британиялык жана франциялык башчылар тарабынан белгиленчү.

Быйыл майрамга Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Орусиянын президенти Владимир Путин дагы чакырылды. Шрөдердин айтымында, азыркы мааракеге немис жетекчисинин катышканы - Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы касташуу толук унутулганынын белгиси. АКШ президенти Жорж Буштун пикиринде болсо, мындан 60 жыл мурда америкалык аскерлер Европаны бошотуп, анын элдерине эркиндик алып келгени сыяктуу, азыр дагы АКШ аскерлери Ирак менен Ооганстанда жаңы согуш жүргүзүп, алардын элдерине дагы эркиндик менен демократия алып келүүдө: "Бүгүнкү күндө дагы эркиндиктин душмандары бар жана алар менен азыр америкалыктардын жаңы мууну согушууда. Кабул жана Кандагар, Мосул жана Багдадда алар эрдик көрсөтүп жаткандыктан, Американын коопсуздугу чыңдалып жатат. Дүйнөдөгү эки террордук режим түбөлүккө жок болду, 50 миллион адам эркиндикке жетти жана биз өз милдетибизди аткарып, жеңишке ээ болобуз".

Анткен менен Буштун бул сөздөрүн Европанын кээ бир саясатчылары терс кабыл алды. Франциянын мурдагы премьер-министри Лорен Фабиустун айтымында, Экинчи дүйнөлүк согуштагы америкалык аскерлердин эрдиги менен алардын Ирактагы азыркы аракеттерин салыштырган болбойт. Алмания, Франция жана Орусия Иракка каршы согуш баштоого каршы чыккан, ошондуктан Париж менен Нормандиядагы жолугушуулар учурунда майрамдык салтанаттардан тышкары Ирак маселеси дагы талкууланаары бышык. АКШ менен Британия жакында Ирак боюнча жаңы резолюция даярдап, анын долбоорун Бириккен Улуттарга тапшырган, Франциянын президенти Жак Ширак аны оңдоп-толукташ керек деп Буш менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

30-июндан кийин Ирактагы бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү иштерине Вашингтон башка дүйнөлүк өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды кеңирирээк катыштырууга аракеттенип жатат. Бирок АКШ менен Европа мамлекеттери ортосунда эмгиче көптөгөн пикир келишпөөчүлүктөр бар жана Буш менен европалык жетекчилер ортосунда өтө турган сүйлөшүүлөр бир кыйла татаал болот.

Париж менен Нормандиянын алдында болсо Буш Италияга келип, 4-июнда Папа Иоанн Павел Экинчи менен жолугат. Папа дагы Ирак согушуна катуу каршы чыккан жана "Абу Грейб" абагындагы мазактоолорду дагы жакында ачык сындады. Ирак согушу башталаар алдында папа Бушка дагы, Ирактын ал кездеги президенти Саддам Хусейнге дагы өз чабармандарын жиберип, маселени тынчтык ыкмалары менен чечүүнү алардан суранган. Ошондуктан Папа менен жолугуу дагы президент Буш үчүн оңой болбойт.

Франциядан АКШга кайтып келээри менен, президент Буш дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекети менен Орусиянын бийик жолугушуусун өткөрөт. Ал жыйынга Ооганстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери дагы чакырылган.

XS
SM
MD
LG