Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР ЭЛЕКТРОНДУК ШАЙЛООГО КАРШЫ


Сапар Орозбаков, Прага Казакстан шайлоону электрондук системанын жардамы менен өткөрүүнү көздөйт. Компютер менен добуш берүү быйыл күздө боло турган парламентик шайлоодо эксперимент катары айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө пайдаланмакчы. Бирок оппозициялык партиялар шайлоонун бул прогрессивдүү технологиясына каршы чыгууда. Алар электрондук система шайлоону адилет өткөрүүгө жардам бербейт, ал шайлоодогу бурмалоолорду жашырууга шарт түзөт деп эсептешет.

Казак өкмөтүнүн быйыл күзгө белигенип жаткан парламенттик шайлоону электрондук системасынын жардамы менен өткөрүү демилгеси оппозициялык партиялардын катуу сынына туш болууда. “Ак-жол” партиясы, “Аул” партиясы, Коммунисттик партия, “Казакстандын демократиялык жолу”партиясы жана Патриоттор партиясы парламентке кайрылуу кабыл алышты. Алар депутаттардан “Шайлоо жөнүндө мыйзамдагы” элкетрондук шайлоо колдонуу тууралуу жобону жокко чыгарууну өтүнүшөт. Аталган партиялар компютердин жардамы менен добуш берүү шайлоонун адилет өтүшүнө жардам бербей эле, тескерисинче, бурмалоого, болгондо да бурмалоону жигин билгизбей жашырууга мүмкүнчүлүк берет дешет. “Программанын жардамы менен же элктрондук системаны ишке киргизүүдөгү пайдаланган коддор менен шайлоонун жыйынтыгын каалаган адам өзгөтүп койсо болоорун компютерди анча-мынча түшүнгөн адам жакшы билет дейт “Ак-Жол” партиясынын юристер тобунун жетекчиси Жиенбек Булжанов. Бул “Ак-жол” жана башка оппозициялык партиялар электрондук стстема шайлоону коомчулуктун көзөмөлүнөн оолак кармаш үчүн ойлоп табылган амал дешет.

- Кандай добуш берсеңер өзүңөр билгиле, санакты биз жүргүзөбүз, – деп какшыктайт бийликтин демилгесин “Ак-Жол” партиясынын теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаев.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бул электрондук шайлоо системасында атайын коргоо элеметтери бар экендигин, ага каалаган эле адамдар кирип, добуш берүүнүн жыйынтыгын өзгөртө албасын айтат. Ал компьютер менен добуш берүү биринчи кезекте өлкөдө кеңири тараган бир адамдын бүт үй-бүлө үчүн добуш берүү практикасын жокко чыгарып, шайлоо ачык өтөрүн белгилейт.

Казакстандын өкмөтү электрондук шайлоо системасын түзүүгө 300 млн доллар бөлүп жатат. Ага өтүү этап менен жүргүзүлөт. Быйылкы парламенттик шайлоодо ал эксперимент катары айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө гана пайдаланмакчы. Аны ишке ашырууга белорус адистери тартылган. Оппозиция буга да каршы чыгууда. Алар “Белорус Казакстандан өткөн авторитардык өлкө, эгер шайлоо калыс өтсүн десе эмне үчүн Американын, Европанын адистерине алып келиштейт” деген суроо коюшат. Оппозиция “өкмөт 300 млн долларды шайлоого эмес, шайлоону бурмалоого эмес, элге жумшаса жакшы болбойт беле” дейт.

Шайлоону электрондук система менен өткөрүү дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө пайдаланып келет. Жакында ал Индиянын парлементтик шайлоосунда да колдонулду. Индия дүйнөдөгү демократиялуу өлкөлөрдүн бири деп эсептелип, ал жерде шайлоо өткөрүү татаал. Бирок Индиянын шайлоочулары жана шайлоого катышкан партиялар электрондук добуш бнрүүнү кечиликтери жөнүндө эч нерсе айтышкан эмес.

XS
SM
MD
LG