Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

НТВнын таанымал журналисти иштен бошотулду


Орусиянын бул телеканалынын белгилүү журналисти, "Бир кезде" деген программанын жетекчиси жана алып баруучусу Леонид Парфенов кызматтан бошотулушун өз программасынын өзгөртүлүшүнө каршы турганына байланыштырды. Анын айтымында, НТВнын жетекчилиги Чеченстандын мурдагы президенти, быйыл февралда Катарда жардыруудан улам каза тапкан Зелимхан Яндарбиевдин жесиринин интервьюсун пргораммадан алып салган жана мындай чечим коопсуздук кызматтардын талабы менен кабыл алынган:

- Башкача көргөзүлгөнү менен себеп Яндарбиеванын интервьюсунда. Мен ал ободон алынып салынганда каршы болгом, кагаз жүзүндөгү буйрукка гана баш ийдим. Бирок интервью ободон алынганын жаап- жашыруудан баш тарткам.

НТВнын жетекчилиги болсо Леонид Парфенов келишимди бузганы үчүн иштен бошотулганын, ал эми интервью Залимкан Яндарбиевди өлтүргөндүктө шектелип, иши Катардын сотунда каралып жаткан эки орусиялык үчүн проблема жаратпоо максатында ободон алынганын билдирди. Орусиянын Журналисттер Союзунун төрагасы Игорь Яковенконун пикиринде, Парфеновдун кызматтан алынышы федералдык телеканалдарда цензура бар экенин ачык көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG