Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

ОПЕК мунайдын баасын арзандатууну көздөйт


Бул тууралуу бүгүн Бейруттан Сауд Аравиянын мунай министри Али ал-Нуами билдирди. Эл аралык базарда мунайдын баасынын жогорулап кетүүсүнө байланышкан эртеңки конференциянын алдында бүгүн Бейрутта ОПЕКтин министрлер кеңешинин жыйыны өттүүдө. Сауд Аравиянын мунай министринин айтымында, ОПЕКтин максаты - азыр бир баррели 40 доллардан ашып кеткен мунайдын баасын 22-28 доллардын аралыгына түшүрүү:

- Падышалык бааны 22-28 доллардын аралыгына түшүрүү үчүн ОПЕКтин өлкөлөрү менен кызматташат.

Сауд Аравия мурдараак бааны арзандатуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн 10%га көтөрөөрүн билдирген. Бүгүн мунай өндүрүүнү көбөйтөөрүн Бириккен Араб Эмираттары да жарыялады. Бирок мунай экспорттоо жагынан дүйнөдө үчүнчү орунда турган Норвегия мындай чарага барбасын маалымдады.

XS
SM
MD
LG