Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

А.АКАЕВДИН ОРДУН БАСАР КИМ, А.АТАМБАЕВДИН ЖАНСАКЧЫСЫН КИМ ТОКМОКТОГОН, ЗИТА, ГИТА БИШКЕКТЕ


Кыргызстанда ушу тапта Аскар Акаев ордуна кимди калтырышы мүмкүн, Мисир Ашыркуловдун адилет шайлоо өткөрүү коомдук кыймылынын максаты кандай суроосу мезгилдүү басылмалардан түшпөгөн темага айланды. Балдардын эларалык күнүндө Бишкекте сиам эгиздери биртуугандар Зита менен Гита Резахуноваларга сый-урмат көрсөтүү аземи болуп өттү.

Оболу шейшембиде жарыкка чыккан гезиттерде чагылдырылган темаларга учкай токтоло кетсек. «Дело №» гезити Аскар Акаев өзүнө мураскер тандаганын баяндаган москвалык басылмада чыккан макаланы көчүрүп басты. «Время новостей» басылмасынын автору Аркадий Дубнов Кыргызстандын президенти өз ордун жакын досу Мисир Ашыркуловго ыраа көрө турганын жазган.

«Дело №» гезити белгилүү ишкер Шаршенбай Мааткабыловду атып кеткендерге каршы сот өкүмү угузулганын, иштин чоо-жайын жазып чыкты. Белгилүү саясатчы, ишкер Алмаз Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиевди убактылуу кармоо жайында катуу токмоктошуп, оор абалда Улуттук госпиталга жаткырылганын Вадим Ночевкин баяндаган.

Бишкек ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңеш Дүйшөбаев гезитте жарыяланган маегинде: «Биз чогулткан материалдар тууралуу тергөө кызыкчылыгына карап эч нерсе айталбайм, бирок да анын бул кылмышка тиешеси бар деп айтышка негиз бар», деп билдирген.

Балдарды коргоонун эларалык күнүндө Бишкекте сиам эгиздери Зита менен Гита Резахуноваларды Саламаттык сактоо министрлигинде кабыл алуу аземи өткөнүн шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Денеси бир эгиз кыздарды москвалык дарыгерлер татаал операциянын жардамы менен ажыратышкан. Эгиздер ушу тапта өз жеринде эс алышып, жакын арада кайрадан Москвага дарыланууга кетишмекчи.

Бүгүн сатыкка чыккан «МСН» гезитинде кандай материалдар жарыяланганын басылманын жооптуу катчысынын орунбасары Ирина Истомина айтып берет:

- Александр Ким менен Юрий Груздовдун «Чек ара жанындагы талаш» деген макаласы жарыяланды. Анда коңшулардын чек ара бекетин Кыргызстан аймагына жылдыруу аракети Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасын жаратканы баяндалат. Замир Өсөровдун «Турсунбек Акун жарандык биримдикти сынга алды» деген макаласында белгилүү укук коргоочу адилет шайлоо өткөрүү боюнча түзүлгөн биримдикти сынга алганын маалымдайт. Кыргыз циркинин жатаканасынын айланасында болуп аткан талаштуу иштер тууралуу Лариса Линин макаласы жарыяланды. Цирктин жатаканасында жашагандарды көчөгө кууп чыгып, алардын ордун маалымат технологиясы борбору ээлөө аракетин жасоодо. Гезитте жалаң боорукерликтин аркасы менен жашап атышкан эгиздер Зита менен Гита Резахуновалар тууралуу материалга да орун берилген.

Эмки кеп кезеги «Общественный рейтинг» гезитинин жооптуу катчысы Наргиза Кожомкуловада:

- Президенттин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Андерс Ослунд Кыргызстандагы салык саясаты, коррупцияны азайтуу аракети жөнүндө оюн билдирген. Анын оюнча, ишкерлердин пайдасынан алынчу 25% салык күч менен тартып алууну көбүрөөк элестетет. Кеңешчинин пикири боюнча, Кыргызстандын кирешеден алынчу салыгы, социалдык салыгы Казакстан менен Орусияныкынан ашпаш керек. Гезиттин жаңы санында кооперация боюнча фонддун жетекчиси Тилек Ашымовдун маеги жарыяланды. Анын оюнча, кооперативдин келечеги жакшы, бирок анын маанисин көпчүлүк түшүнө бербейт. А.Акаевдин ордун АКШ менен Орусия кимдин ээлешин каалайт деген суроого берилген жоопторду да гезиттин жаңы санынан окуй аласыздар. Гезит эксперттеринин ырасташынча, А.Акаев кызматтан кетерде коомдогу бардык күчтөрдү ымалага келтириши зарыл. Гезитте белгилүү саясий ишмер Абдыкерим Сыдыковдун кыргыздардын уруулук бөлүнүшүн жазган макаласы басылууда.
XS
SM
MD
LG