Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ ТҮЗҮЛДҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 2-июнда Улуттар Уюмунун Ирактагы атайын өкүлү Лахдар Брахими Ирак элине кайрылып, жаңы түзүлгөн утурумдук өкмөткө колдоо көрсөтүүгө чакырды. Багдадда өткөрүлгөн прессконференцияда Брахими жаңы өкмөттүн натыйжалуу иш жүргүзүүсүнө, эң башкысы, өлкөдө коопсуздуктун орношу ирактыктардын өкмөткө ишеним көрсөтүүсүнөн көз караанды боло турганын баса белгиледи.

Багдаддагы пресскоференцияда сүйлөгөн сөзүндө Лахдар Брахими Ирактын жаңы өкмөтүнүн алдында турган негизги маселе өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу жана Иракта алгачкы эркин демократиялык шайлоону өткөрүү экенин баса белгилеп, бул жоопкерчиликтүү иштин өтөлүнө чыгуу үчүн ага калың калктын колдоосу керек экенин белгиледи.

- Бул өкмөт, балким, жарандардын баардык эле тилектерине төп келбестир. Бирок ал бүгүнкү күндө мүмкүн болгон варианттардын эң жакшысы. Өкмөт жалпы шайлоого чейинки эң татаал убакта натыйжалуу иштей ала турганын далилдей алат деген үмүттөмүн, - деди Брахими.

Лахдар Брахиминин түздөн-түз катышуусу менен түзүлгөн жаңы өкмөттүн башчылыгына Баас партиясынын диссиденти, тарап кеткен утурумдук кеңештин мүчөсү Ияд Аллави дайындалды. Баары болуп өкмөт премьерден, 33 министрден, номиналдуу бийликке гана ээ президенттен жана эки вицепрезиденттен куралды. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин өлкөнү президенти болуп мурда сунуш кылынган 80 жаштагы Аднан Пачачинин ордуна сунни мусулман Гази ал-Йавер тандалды.

Айрым саясий байкоочулар негизинен саясий эмигранттардан түзүлгөн өкмөт Ирактын Утурмдук кеңеши сыхңарыэле калк арасында ишенимге ээ болбой турганын айтып жатышат. Өкмөт башчынын АКШы жетекчилиги менен ого эле тыкыз байланышта турганын сындаган оппоненттер жаңы башчылык ырасмий Вашингтондун Ирактагы "кол жоолук өкмөтү" болуп калат, деген пикирде. Мындай айыптоолорду четке каккан президент Жорж Буш жума күнү:

- Ирактын өкмөт мүчөлөрүн тандоого аралашкан жокмун. Кайсы бир талапкерлердин ысмын уксам, -укандырмын, бирок аларды тандоого эч кандай тийешем болгон жок, - деп агынан жарылды.


Мындай кинеени Ирактын жаңы өкмөтүнүнүн түзүлгөнүн кубаттап чыккан ООНдун баш катчысы да жууткан жок. Кофи Аннандын айтымында, Улуттар юуму өкмөткө жергиликтүү башчылар менен кеңешип, көптөгөн варианаттарды электен өткөрүп, тараптарды, мүмкүн болушунча, ынандырган мунасалуу талапкерлерди тандаган.

- Улуттар уюму ирактыктарга жеке пикирин таңуулайын деген ойу болгон эмес. Жергиликтүү шарттарды, пикирлерди эске алуу зарыл болду. Ошон үчүн жаңы өкмөткө утурумдук кеңештин мүчөлөрү да, тыштан келген адамдар да кирди. Лахдар Брахими өзүнө жүктөлгөн иштин өтөлүнө чыга алды, деген ойдомун, - деди Аннан.

Оппонерттер жаңы түзүлгөн өкмөт АКШ убада кылгандай суверендүү боло албасын белгилеп жатышат. АКШнын экспрезиденти Жимми Картердин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Збигниев Бжезинский:

- 140 миң чет элдик аскер оккупациялап алган өлкөнүн өкмөтү суверендүү боло албайт,- деп сындады. Жаңы өкмөттүн өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы жана мыйзамдарды кабыл алуудагы укуктары азырынча тактала элек. Бул жана башка суроолор Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланып, кабыл алына турган жаңы реолезолюцияда аныкталат.

XS
SM
MD
LG