Казакстандын тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев Вашингтондо Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолукту. Вашингтондун өкүлдөрү билдиргендей, жолугушууда Пауэлл Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны күчөтүүгө үндөдү. Андан тышкары Ак үйдө АКШ менен Казакстандын ортосундагы соода байланыштарын кеңейтүү, антитеррордук аракеттер тууралуу сөз болгон.