Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Сауд Арабия террорчул уюмдарды каржылоо булактарына бөгөт коёрун жарыялады


Вашингтонго барган Саудилик расмий өкүл Адел ал-Жубейр Эр-Рияд исламдык кайрымдуулугун чектеп, чет өлкөлөрдү каржылаган менчик эсептерди тескей турган комиссия түзө турганын билдирди:

- Киргизилип жаткан чаралар – кайрымдуулук өтө муктаж адамдарга гана таратылышын көздөйт, эч ким биздин жарандардын айкөлдүгүнөн ашыкча пайдаланбашы керек, - деди Сауд Арабиянын расмий өкүлү.

Саудинин коопсуздук кызматкерлери өткөн дем алыш күндөрү Хобар шаарында адамдарды барымтага алууга тиешеси бар деп шектелген эки согушкерди атып өлтүрүшкөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG