Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

ЭМДИГИ ЖЫЛДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ ЭМИТЕН ЭСЕПТЕЛҮҮДӨ


Эмдиги жылдын бюджети парламенттин күзгү сессиясына талкууга коюлат. Өлкөнүн негизги экономикалык документинин башкы көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу аныктамасын жакында Каржы министрлиги ачыкка чыгарды. 2005-жылдын экономикалык болжолу – прогнозу мурункусунан анчалык деле айырмаланбайт.

Быйылкы жылга өкмөт ички дүң продуктту 91 миллиард ашуун сомдун тегерегинде болушун болжол кылса, эмдиги жылы аны 100 миллиард сомдон ашыруунун эмитен эле болжолдоп жатат.

- 2005-жылга ички дүң продукт 100,5 миллиард сом болот. 2004-жылдын ИДП 91,7 миллиард сомго болжолдонгон. Мен сизге айтып коёюн, кайсы бир күтүлбөгөн жагдай эле болуп калбаса биздин болжолдорубуздун көбү салыштырмалуу жакын чыгат, - дейт Кыргызстандын Каржы министрлигинин экономика башкармалыгынын жетекчиси Любовь Тен.

Анын айтуусунда, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары менен салыштыруу маалында айрым көрсөткүчтөр такталышы ыктымал. Эмки жылдын экономикалык өнүгүү болжолу 2007-жылга чейин эсептелген бюджеттин кыска мөөнөт прогнозунун негизинде түзүлгөн. Буга кошумча быйылкы жылдын биринчи кварталындагы экономикалык көрсөткүчтөрү да эсепке алынган. Аны Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев мындайча мүнөздөйт:

- Өткөн жылга салыштырганда ички дүң продукт (ИДП) 106,7%, “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо 105,4% өсүш болду. Өнөр жайда 111% өнүгүш, тоо-кен өндүрүшүндөгү өсүш 109%. Экспорт 130% ашты. Импорт 159% өстү.

Быйылкы жылга экономикалык өсүш ырааты 4,5% эсептелсе, эмдигиси 4,6% деп белгиленүүдө. Бул ирет деле өкмөт ички дүң продукт өндүрүшүндө айыл чарба менен тейлөө тармагына өзгөчө басым коюуда. Ал экөөнүн ИДП өндүрүшүндө ээлеген орду 72,6% чаап барат. Өнөр жай тармагында “Кумтөр” алтын кенин кошпой эсептегендеги өнүгүшү 11% жетиши ыктымал.

Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев 2004-жылдын бюджетинде экономикалык өнүгүштүн ыраатын 4,1% деңгээлине жеткирүү аракетин “Кумтөр” алтын кенине байланыштырган:

- “Кумтөрдүн” кенин казып алуу бир кыйла азаят. Себеп дегенде, кендин ылдыйкы катмарына кирип атышат. Ал жердин составында алтын азыраак. Ошондон экспорт азыраак болот, көлөмү азаят. Ошол себептен болжолду азыраак кылдык - 4,1%.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүш ырааты ыкчам жүрбөй, атүгүл согушту баштан кечирген Тажикстандан да артта калыш себебин Любовь Тен мындайча түшүндүрөт:

- Тажикстанда ич ара согуш болуп, анын кесепеттерин жоюу учурунда реалдуу экономикалык негиз абыдан тарып кеткен. Экономиканы кайра калыбына келтирүү маалында иштин баарын кайрадан баштаган. Ошондон улам өнүгүү ыраатынын көрсөткүчтөрү жогору болууда. Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык өнүгүшүн салыштырууга болбойт. Бизде, маселен, 1996-жылы “Кумтөр” алтын кени ишке киргенден кийин 1997-жылы ИДП 10% чейин өскөн. Бир объекттин ишке кириши менен кескин өнүгүү жүргөн.

Любовь Тендин ырасташынча, экономика такай 10% менен өнүгө албайт. Туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишкен өлкөлөрдө бул көрсөткүч 1-2% тегерегинде эле жүрөт.
XS
SM
MD
LG