Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Сөз эркиндигинин абалы талкууланды


ЖАЛАЛАБАД. «Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндигинин демократиялык принциптерин коргоо» деген долбоордун изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча коомдук талкуу өттү. Анда облустагы сөз эркиндиги менен маалымат каражаттарынын проблемалары талкууга алынды. Облуста жергиликтүү бийлик маалымат каражаттарын колдогону менен, тармактуу уюмдардан маалымат алуу кыйын экендиги белгиленди. Андан тышкары, гезит таркатуу, окурмандардын укугун коргоо жана сатылган гезиттердин акчасын кайтарып алуу да оор маселе экендиги айтылды. Сегиз айлык изилдөөгө ылайык маалымат алууга 52 жолу тоскоолдук болгон.

Талкууга катышкан бийлик жана прокуратура, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, тескерисинче, жергиликтүү журналисттердин маалымат таркатууда бир жактуулукка жол беришээрин жана укуктук билимдеринин тайкылыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG