Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Өзбек чек арачылары оңой менен өткөрбөй жатышат


БАТКЕН. Өзбекстандын Сох анклавындагы чек ара, бажы бекеттеринен азап чеккен 20 чакты айдоочу Баткен облусунун бийлигине арызданышты. Айдоочулар менен облус губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков жолугушуп, алардын арыз армандарын укту. Жеке менчик автоунаалар менен Ош, Бишкек шаарларына жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар Өзбекстандын Сох анклавындагы чек ара жана бажы бекеттеринен өтүү кыйындап кеткенин, өзбек чек арачылары менен бажычылар кыргызстандык автоунаалардан ар кандай шылтоолор менен акча алмайынча өткөрбөстүгүн айтышып, бул маселени жөнгө салууну суранышты.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, учурда бул маселе боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун бийлигине кат даярдалууда. Анда өзбек тарап 2000-жылдын 2-июлунда кол коюлган кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимди одоно түрдө бузуп жатканы эскертилип, өзбек чек арачылар менен бажычыларынын мыйзамсыз аракеттерин тез арада токтотуу талабы коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG