Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Кыргызстанда Москванын күндөрү өтөт


БИШКЕК. Ушул айдын 24үнөн 28ине чейин Кыргызстанда Москванын күндөрү өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Москванын 25 адамдан турган ырасмий делегациясын Москва өкмөтүнүн биринчи вице-мэри Валерий Шансев жетектеп келет. Ырасмий делегациядан тышкары орус искусствосунун 200гө жакын чеберлери келип, Бишкекте, Караколдо жана Чүй облусунун Москва районунда чоң концерттерди берет. Мындан тышкары Орусиянын жогорку лигадагы футбол командасынын чеберлери келип, Кыргызстандын футболисттери менен Бишкекте мелдеш өткөрүшөт. Москванын күндөрү маалында ырасмий делегация менен кыргыз бийлигинин жетекчилеринин жолугушуусу болот.

XS
SM
MD
LG