Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

«Түндүкэлектро» ижарага берилет


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча комитети Кыргызстандын энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычы жөнүндөгү маселени талкуулады. Анда бул маселе боюнча өкмөт менен парламенттин кош палатасы ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуу комиссиясынын жыйынтыгы каралды. Комиссиянын билдирүүсүнөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын аймактарындагы энергетика объектилери кирген «Түндүкэлектро» ишканасын көп жылга ижарага берүү чечими кабыл алынды. Комитет эми бул маселени палатанын кароосуна коёт. Эл өкүлдөр палатасынын басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, кезектеги сессия ушул айдын 24үндө башталат деп белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG