Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Абактардагы абал иликтенет


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте өлкөнүн пенитенцианардык мекемелерине коомдук мониторинг жүргүзүүнү жолго коюуга арналган эл аралык конференция башталды. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана адилет министрлиги тарабынан уюштурулуп, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. Конференцияда Кыргызстандын пенитенцианардык мекемелерине коомдук мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү, бул багыттагы эл аралык стандарт, тажрыйба жөнүндө пикир алмашуу болууда. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер конференцияда абактарга коомдук байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, «бул адам укугун сактоого кепилдик берет» деген оюн айтты. Конференция 4-июнга чейин уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG