Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Өкмөт мүчөлөрү Ганси атындагы базага барышты


БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган ырасмий өкүлдөр «Манас» аба майданындагы Ганси атындагы авибазада болушту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын маалымдоосуна караганда, Аскар Айтматов Ганси авиабазасы региондогу коопсуздукту камсыз кылууда чоң рол ойноп жатканын, ал эми чөлкөмдө терроризмдин коркунучу болсо дагы эле сакталып тургандыгын билдирген. Кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн сапарынын максаты АКШ баштаган антитеррордук миссиянын ишине колдоо көрсөтүү болду,-деп белгиледи министрликтин басма сөз катчысы.

Өкмөт мүчөлөрү менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг жана базанын жетекчилиги жолугушкан.

Ганси атындагы авиабазада ушул тапта АКШ баштаган антитеррордук коалициянын 1200 аскери кызмат өтөп жатышат. Алар Ооганстандагы антитеррордук операцияга салымын кошууда.

XS
SM
MD
LG