Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

В.ПУТИНДИН ДООРУНДА «БИЙЛИК ВЕРТИКАЛЫ» ИШКЕ КИРИШЕ БАШТАЙТ


Төрөкул Дооров, Москва Ушул аптада Орусиянын ырасмий бийлиги акыркы эки жылдан бери даярдыгын көрүп келген «бийлик вертикалы» долбоорун ишке ашырууга толук кирише баштады. Мунун түпкү мааниси - борбордук бийлик айрым укуктарын жер-жерлерде региондордун өздөрүнө өткөрүп берет дегенге барабар. Анткен менен Орусиянын мамлекеттик кеңеши кабыл алган бул чечимди анын баардык эле өкүлдөрү колдой беришпейт.

Орусиядагы мамлекеттик кеңеш кезинде федералдык кеңештин жыйындарында региондордун талабын коргоо максаты менен түзүлгөн эле. Бул жолу анын толук курамы Кремлде топтолуп, орус президенти Владимир Путиндин администрациясы 2002-жылы ойлоп тапкан «бийлик вертикалынын» проблемасын чечишти.

Айтылуу «бийлик вертикалы» долбоору борбордук жана жергиликтүү бийликтер ортосундагы алаканы өз алдынча укуктар жана жоопкерчиликтер менен түптөө максатын көздөйт.

Ал эми бул жолку жыйында негизги көңүл федералдык бийликтин айрым укуктарын жергиликтүү башчыларга өткөрүүгө арналды. Ал туурасында президент В.Путин мындай деди:

- Жыйындын негизги максаты - федерациянын субъекттерине жүктөлгөн милдеттерди аткарууда аларга толук көз карандысыздыкты берүүнүн, андан сырткары, губернаторлордун бийлигин кеңейтүүнүн жана бул укуктарды жетиштүү деңгээлдеги каражат менен бекемдөөнүн жолдорун талкуулоо.

Негизи, жалпылап айтканда, региондор эми өздөрүндөгү көлдөр менен дарыялардан балык уулоодо, айрым пайдалуу кендерди казып алууда жана токой байлыгынан тапкан кирешесин өздөрү каалагандай пайдаланышат. Андан сырткары, областтардагы курулуш иштерине да көзөмөлдүктү мурдагыдай бул үчүн атайын түзүлгөн федералдык органдар эмес, жергиликтүү жетекчиликтер жүргүзүшмөкчү. Мындай аракеттер мамлекеттик кеңештин ишениминде, жер-жерлерде иштеп жатышкан пайдасы аз федералдык органдардан арылууга мүмкүндүк берет экен.

- Мындагы башкы принцип - аз акча коротуп, көбүрөөк пайда алуу, - деди Владимир Путин. - Азырга чейин жергиликтүү бийликтер алардын ишмердүүлүгүнө көз салуу максаты менен түзүлгөн бир канчалаган органдарга акча төлөп келишти, эми буга каршы чыгышууда. Мен алардын оюна кошулам, анткени бир эле милдетти бир канчалаган мекемелер аткарып жатышат. Мунун такыр кереги жок. Алар элдердин башын айландыргандан башка пайда беришпейт, ошондуктан алардан арылуу зарыл.

Борбордук бийлик менен жергиликтүү жетекчилер ортосундагы алаканы өзгөртүү аракеттерин губернаторлор бир жактуу кабыл алышкан жок. Айрымдар мындан майнап чыгаарына ишене беришпейт. Анткени аларда эми бийлик эле эмес, жоопкерчилик да жогорулады. Мисалы, региондор эми жумушсуздук менен күрөшүүгө өздөрү толук жооп беришсе, «эмгек ардагерлерине берилүүчү жеңилдиктерди акча менен алмаштыруу ишине» да акчалай салымдарын кошуулары зарыл.

Ямал-Немец автономдук аймагынын губернатору Юрий Неелов бул өзгөрүүлөр кандай пайда берээрин түшүнбөй тургандыгын айтат:

- Аталган өзгөрүүлөргө ылайык канчалык көп иштеген адам ошончолук көп төлөөгө милдеттүү, ал эми иштебегендерге борбордук бийлик жардам берет.

Экономикалык мааниден алып караганда аталган өзгөрүүлөрдүн негизинде областтар менен автономиялар өздөрүнүн казынасын толтурууда жана аны сарптоодо чынында эле, Кремлден өз алдынчалыкка ээ болушат. Ал эми саясий мааниде баары бир акыркы чечим эң жогорку даражада турган борбордук бийлик – Кремлде. Эгерде губернаторлор өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткара алышпаса, аларды кызматтан бошотууга Москва укуктуу.

Негизи, байкоочулардын баамында, Путин ойлоп тапкан «бийлик вертикалынын» мааниси ушунда жатат.

XS
SM
MD
LG